15-берене. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визиттери
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
1. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визиттеринин мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визитин даярдоо жана өткөрүү үчүн визит өтүүчү өлкөгө алдыңкы топ жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын тиешелүү элчилиги алдыңкы топтун ишине зарыл көмөктөшүүнү камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилиги чет өлкөгө визит менен жөнөп жатканда жана чет өлкөдөн кайтып келгенде, эреже катары, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилери жана башка расмий адамдар жөнөтүшөт жана тосуп алышат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чет өлкөлөргө визиттеринин бир учурда болуусуна жол берилбейт.
3. Пландаштырылган көп тараптуу иш-чара учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кыска мезгилдин ичинде бир эле чет өлкөгө визиттерине жол берилбейт.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>