# 13-берене. Чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 13-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-13

---

1. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары Кыргыз Республикасынын Президентине тапшырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тиешелүү (протоколдук) кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте ишеним грамоталарын тапшыруу аземин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу датасы дипломатиялык каналдар боюнча бир айдан кем эмес мурда макулдашылат. Ишеним грамотасын тапшыруу күнү кыргыз тарап чет мамлекеттин элчисине резиденциядан тапшырылуучу жерге чейин жана кайра кайтуу үчүн транспорт берет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-14)
