13-берене. Чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруусу
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
1. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары Кыргыз Республикасынын Президентине тапшырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тиешелүү (протоколдук) кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте ишеним грамоталарын тапшыруу аземин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу датасы дипломатиялык каналдар боюнча бир айдан кем эмес мурда макулдашылат. Ишеним грамотасын тапшыруу күнү кыргыз тарап чет мамлекеттин элчисине резиденциядан тапшырылуучу жерге чейин жана кайра кайтуу үчүн транспорт берет.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>