# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203627/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4559/edition/1103134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203627/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203627/st-2

---

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кеңештин иштеп жаткан курамы, ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген Кеңештин мүчөлөрүн кошпогондо, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайланган мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып:

- Судьяларды тандоо боюнча кеңеш ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотсун;

- Судьялар кеңеши, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүгү жана парламенттик оппозициясы ушул беренеге ылайык ыйгарым укуктары токтотулган Кеңештин мүчөлөрүнүн ордуна "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кеңештин курамына жаңы талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизсин.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203627/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203627/st-3)
