Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-20.
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №20
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-берененин 2-бөлүгү "акимдин биринчи орун басары" жана "орун басарлардын бири" деген сөздөрдөн кийин "90 жумушчу күндөн көп эмес мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 14-беренеде:
2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимдин бошогон кызмат орду пайда болгон күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кеч эмес райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) киргизет"; 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин райондук кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди сунуштабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумушчу күндүн ичинде райондук кеңешке жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуштайт. Эгерде райондук кеңеш ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди кайра сунуштабаган учурда, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча райондук кеңешти таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуштабаган учурда, анда райондук кеңеш 15 жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамдын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди өз алдынча тандап алат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Райондук кеңеш тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунушталган талапкер 10 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга жатат."; 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 39-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) ушул Мыйзамда жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кочкорбаев айылдык кенешинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 4/I-26 "Кочкорбаев айылдык кенешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2012 · № 4/I-26
- Красноречка айылдык кеңешинин 2012 –жылдын 26 декабрындагы №7/I-26 "26 декабрь 2012 - ж. Красноречка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2012 · № 7/I-26
- Савай айылдык округунун кеӊешинин 2021-жылдын 11-майындагы № 1 "Савай айылдык округунун кеӊешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы 2021-жылдын 11- майындагы№1Кызыл-Шарк айылы…Постановление · 11.05.2021 · № 1
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон