# 134-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203614)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 15-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203614/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4546/edition/453039/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 134-статья (15.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203614/st-134

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "134-статья. Асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмачылыгы

1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси өлгөн, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан жүйөсүз деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, алты айдан ашык бала менен бирге жашабаган жана аны тарбиялоо менен багуудан качкан учурларда, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланын туугандары болуп саналган 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын көзөмөлчүсү, камкорчусу болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.

2. Никеге турбаган асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмачылыгы он алты жаштан кем болбоого тийиш. Сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча жаш курак айырмачылыгы кыскартылышы мүмкүн.

3. Өгөй ата (өгөй эне) тарабынан бала асыралып алынганда, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген жаш курак айырмачылыгы талап кылынбайт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203614/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203614/st-2)
