134-статья
Күчүндө · 15.03.2012 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "134-статья. Асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмачылыгы
1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси өлгөн, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан жүйөсүз деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, алты айдан ашык бала менен бирге жашабаган жана аны тарбиялоо менен багуудан качкан учурларда, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланын туугандары болуп саналган 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын көзөмөлчүсү, камкорчусу болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.
2. Никеге турбаган асырап алуучу менен асыралуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмачылыгы он алты жаштан кем болбоого тийиш. Сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча жаш курак айырмачылыгы кыскартылышы мүмкүн.
3. Өгөй ата (өгөй эне) тарабынан бала асыралып алынганда, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген жаш курак айырмачылыгы талап кылынбайт.".
Берененин тексти 15.03.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
134-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203614/st-134" title="134-статья - Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>