# 1-берене

- Документ: ["Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203612)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 14-мартындагы № 12 ""Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203612/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4544/edition/875651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203612/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203612/st-1

---

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 321-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 2-статьяда:

1-бөлүктө:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардан;";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан;"; 3-бөлүгү алып салынсын.

2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жана транспорт каражаттарынын салмактык-көлөмдүк көрсөткүчтөрүн өлчөө үчүн алынуучу жыйымдар

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жана транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан түшүүлөр, алар белгиленген тартипте киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жол фондуна жиберилет. Жыйымдарды алуу, бөлүштүрүү тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

3. 7-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203612/st-2)
