1-берене
Күчүн жоготкон · 26.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 мая 2018 года № 55.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 321-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-бөлүктө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардан;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан;"; 3-бөлүгү алып салынсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жана транспорт каражаттарынын салмактык-көлөмдүк көрсөткүчтөрүн өлчөө үчүн алынуучу жыйымдар
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жана транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан түшүүлөр, алар белгиленген тартипте киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жол фондуна жиберилет. Жыйымдарды алуу, бөлүштүрүү тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3. 7-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 26.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 01.06.1998 · № 71 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203612/st-1" title="1-берене - "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>