# Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 11 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 11 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4543/edition/457487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 11 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (01.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 1-марты № 11

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203611/st-1)

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 17-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ар бир ишкана үчүн коркунучтуулук категориясы ушул Мыйзамга 2-тиркемеге ылайык чыгындыларды, саркындыларды жана калдыктарды жайгаштыруу боюнча өзүнчө аныкталат. Мында КК көрсөткүчү отчеттуулуктун жана контролдун мезгилдүүлүгүн белгилөө максатында коркунучтуулуктун эң жогорку категориясы боюнча аныкталат.".

2. Ушул Мыйзамга 1-тиркемеде:

7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын: "5) куюу жана металл прокат өндүрүшү.". 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-пунктчалар менен толукталсын: "5) арак-шарап продукцияларын өндүрүү;

6) спирт өндүрүү;

7) пиво өндүрүү;

8) консерва өндүрүү.".

тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 24 жана 25-пункттар менен толукталсын: "24. Май куюучу станциялар.

25.Техникалык тейлөө жана автотранспортту сатуунун алдында даярдоочу станциялар.".

3. Ушул Мыйзамга 2-тиркеменин "Чарбалык жана башка иштин субъектинин ишинин КК чоңдугуна жараша эсептелген коркунучтуулук категориясы" 3.2 таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясы

КК чоңдугу

I

КК≥1000

II

1000\>КК≥100

III

КК\<100

4. Ушул Мыйзамга 3-тиркеменин 1.2 сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1.2

Экологиялык паспорт

+

+

+

".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203611/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203611/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
