# 58-2-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий интернет-сайтка

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203610)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-58-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4542/edition/1232232/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 58-2-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-58-2

---

маалыматтарды жайгаштырбоосу

Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу адамы тарабынан бардык шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмелери жөнүндө, талапкердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын атайын эсебинде турган шайлоо алдындагы үгүттөөнү каржылоо үчүн каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды расмий интернет-сайтта жайгаштырбоосу - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

7. 59-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"59-статья. Жарандардын шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө жана шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун чектөө Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө (шайлоо (референдум) күнү үгүт жүргүзүүнү кошпогондо) тоскоолдук кылуу, ошондой эле жарандардын шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө, шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун бузуу же шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө арызды кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн бузуу же арызды четке кагуунун себеби туурасында жүйөлүү жооп берүүдөн баш тартуу, ошого тете эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

8. 506-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) шайлоо комиссиялары.".

9. 508-статьянын 1-бөлүгүндө "49-68" деген сандар "57-64, 66-68" деген сандар менен алмаштырылсын.

10. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 508-1-статья менен толукталсын:

"508-1-статья. Шайлоо комиссиялары

Шайлоо комиссиялары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана ушул Кодекстин 49-56-статьяларында каралган администрациялык айыптарды салат.".

11. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

экинчи абзацта "50, 51," деген сандар "49, 50, 51, 52, 53, 54, 55," деген сандар менен алмаштырылсын. төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-2)
