# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203610)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4542/edition/1232232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203610/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 49-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, - ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.".

2. 52-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52-статья. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу

Шайлоочу, байкоочу, талапкер жана анын өкүлдөрү тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жасалышы - беш жүз эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер - шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.".

3. 53-статьянын экинчи абзацында "элүүдөн жүз" деген сөздөр "сексенден жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 53-1-статья менен толукталсын:

"53-1-статья. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү

Шайлоо дайындалган мезгилден тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү - бир миң эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттердин администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалышы - шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.".

5. 57-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "төрагасынын орун басары," деген сөздөр алып салынсын.

6. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 58-1 жана 58-2-статьялар менен толукталсын:

"58-1-статья. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөө

Шайлоо комиссиясынын катчысынын шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөөсү - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [58-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203610/st-58-2)
