Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2013-жылдын 30-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-ноябры № 164 2013-жылдын 30-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2013-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 155 токтому менен Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Первомайский, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө дайындалган, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 30-октябрындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Нусубалиева Нурбюбю Бектуровна Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. 2013-жылдын 30-октябрындагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Мамбеткеримов Акылбек Токтошович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
3. 2013-жылдын 30-октябрындагы Чүй облусунун Сокулук районунун Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1. Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Караталов Доктурбек Анарбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Первомайский айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. 2013-жылдын 30-октябрындагы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.1. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.2. Батырбеков Омурзак Джалилович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
Г. Джурабаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын…Постановление · 16.10.2013 · № 155
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.