# 52-2-берене. Прокурордук кызматкердин отставкасы

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203609)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 ""Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 августа 2020 года № 143 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203609/st-52-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4541/edition/1022216/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 52-2-берене (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203609/st-52-2

---

1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордук кызматкердин өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусун токтотуусу отставка болуп саналат.

2. Төмөнкүлөр отставка үчүн негиздер болуп саналат:

1) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принципиалдуу макул эместик, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;

2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын мамлекетке, юридикалык жана жеке жактарга бир кыйла материалдык же болбосо моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон, колдонуудагы мыйзамга карама-каршы келген чечимдерин аткарууга кызматкерди аргасыз кылуу;

3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).

3. Отставкада жүргөн прокурордук кызматкерге пенсиялык куракка жеткендиги боюнча пенсия дайындалат.".

22. 53 жана 59-беренелердин 1-бөлүгүндөгү "жана борборлоштурулган" деген сөздөр алып салынсын.

23. 66-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү колдонулушу 2012-жылдын 1-январына чейин пенсияга кеткен адамдарга да жайылтылат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203609/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203609/st-2)
