52-2-берене. Прокурордук кызматкердин отставкасы
Күчүн жоготкон · 24.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 августа 2020 года № 143.
1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордук кызматкердин өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусун токтотуусу отставка болуп саналат.
2. Төмөнкүлөр отставка үчүн негиздер болуп саналат:
1) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принципиалдуу макул эместик, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;
2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын мамлекетке, юридикалык жана жеке жактарга бир кыйла материалдык же болбосо моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон, колдонуудагы мыйзамга карама-каршы келген чечимдерин аткарууга кызматкерди аргасыз кылуу;
3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).
3. Отставкада жүргөн прокурордук кызматкерге пенсиялык куракка жеткендиги боюнча пенсия дайындалат.".
22. 53 жана 59-беренелердин 1-бөлүгүндөгү "жана борборлоштурулган" деген сөздөр алып салынсын.
23. 66-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү колдонулушу 2012-жылдын 1-январына чейин пенсияга кеткен адамдарга да жайылтылат.".
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203609/st-52-2" title="52-2-берене - "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>