# 4-берене. МЖӨ принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 4-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-4

---

Кыргыз Республикасында МЖӨ төмөнкү принциптерге негизденет жана иштейт:

- мыйзамдын үстөмдүгү - бардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык башка укуктук актыларды кыйшаюусуз аткаруусу;

- адилеттүүлүк - тендердин бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылуу; жеке өнөктү тандоодо объективдүүлүк жана калыстык; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ак ниет жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы; ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти жана тобокелдиктерди макулдашып бөлүштүрүү жана бөлүп берүү; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн мыйзам алдында теңдиги;

- ачык-айкындык - МЖӨ бардык баскычтарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда МЖӨ долбоорлоруна тиешелүү маалыматтарга жеке өнөктөрдүн жана коомчулуктун жетүүсү;

- атаандаштык - конкурска катышуу үчүн кандайдыр бир басынткан чектөөлөрдүн жоктугу;

- келишим эркиндиги - мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктары менен милдеттерине кошумча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттерин эркин аныктоо укугу;

- экологиялуулук - МЖӨ долбоорлорун айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-5)
