4-берене. МЖӨ принциптери
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Кыргыз Республикасында МЖӨ төмөнкү принциптерге негизденет жана иштейт:
- мыйзамдын үстөмдүгү - бардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык башка укуктук актыларды кыйшаюусуз аткаруусу;
- адилеттүүлүк - тендердин бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылуу; жеке өнөктү тандоодо объективдүүлүк жана калыстык; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ак ниет жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы; ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти жана тобокелдиктерди макулдашып бөлүштүрүү жана бөлүп берүү; мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн мыйзам алдында теңдиги;
- ачык-айкындык - МЖӨ бардык баскычтарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда МЖӨ долбоорлоруна тиешелүү маалыматтарга жеке өнөктөрдүн жана коомчулуктун жетүүсү;
- атаандаштык - конкурска катышуу үчүн кандайдыр бир басынткан чектөөлөрдүн жоктугу;
- келишим эркиндиги - мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктары менен милдеттерине кошумча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттерин эркин аныктоо укугу;
- экологиялуулук - МЖӨ долбоорлорун айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>