# 34-берене. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607#diff=959161..959162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 34-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-34

---

1. Жеке өнөктөрдү тандоонун тартибинен келип чыккан жана ага байланышкан талаш-тартыштар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүдөн, аткаруудан жана токтотуудан келип чыккан жана аларга байланышкан талаш-тартыштар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүлөрү мүмкүн болбогон учурда, талаш-тартыш тараптар МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталган органда чечилүүсү тийиш. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптары талаш-тартышты жөнгө салуу боюнча орган катары Кыргыз Республикасынын сотторун же бейтарап сотторун же эл аралык коммерциялык арбитраждарды аныктоого укуктуу.

3. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы тарабынан инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө берилишинен келип чыккан жана ага байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилет. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүдө мамлекеттик өнөк жеке өнөктөн же долбоорлоо компаниясынан мындай талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуунун жөнөкөй жана натыйжалуу механизмдерин белгилөөнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-35)
