# 30-берене. МЖӨ долбоорун каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607#diff=959161..959162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 30-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-30

---

1. Жеке өнөк жана долбоорлоо компаниясы зайымдарды, насыяларды тартууга же МЖӨ долбоорун ишке ашырууну каржылоонун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.

2. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөк өзүнө тиешелүү мүлктү күрөөгө коюуга, мамлекеттик өнөктүн макулдугусуз милдеттенмелерди камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.

3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана жеке өнөккө же долбоорлоо компаниясына убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген мүлк күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-31)
