# 29-берене. Долбоорлоо компаниясы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607#diff=959161..959162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 29-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-29

---

1. Тендердин жеңүүчүсү деп таанылган жеке өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлоо компаниясын уюштурууга укуктуу.

2. Мамлекеттик өнөк анын катышуусу долбоорлоо компаниясынын мүлкүнүн үлүшүнүн үчтөн биринен ашпоого тийиш болгон шартта долбоорлоо компаниясынын тең уюштуруучусу катары чыгууга укуктуу жана мындай катышуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбайт. Мамлекеттик өнөктүн долбоорлоо компаниясына катышуу шарттары тендердик документтерде жана МЖӨ жөнүндө макулдашууда айтылууга тийиш.

3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, долбоорлоо компаниясынын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөлөө, ажыратуу же акцияларын (мүлктөгү үлүштү, пайларды) күрөөгө коюу, долбоорлоо компаниясынын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү мамлекеттик өнөккө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала жазуу жүзүндө кабарлоосуз жүргүзүлбөйт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-30)
