# 28-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 28-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-28

---

1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуу токтотулган учурда жеке өнөк жана/же долбоорлоо компаниясы төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү:

1) инфратүзүмдүк объектти жана мамлекеттик өнөктөн алынган башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүнү, алар макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир жүктөөлөрдөн эркин болуулары тийиш;

2) инфраструктуралык объектти эксплуатациялоонун жана материалдык-техникалык тейлөөнүн маселелери боюнча мамлекеттик өнөктүн кызматкерлерин даярдоону;

3) эгерде мындай талап кылынса, инфратүзүмдүк объектти жана башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп бергенден кийин акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде көмөкчү кызматтарды көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана запастык бөлүктөрдү берүүнү кошуп алганда ресурстарды берүүнү камсыз кылууну.

2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу МЖӨ жөнүндө макулдашуу тараптарынын биринин күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу башка тараптын тараптар тарткан зыяндардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерине алып келет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-29)
