# 19-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607#diff=959161..959162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 19-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-19

---

1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорунун мониторингин жана баалоону өзүнө камтыйт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган да МЖӨ долбоорунун мониторингин жана ишке ашырылышын баалоону жүзөгө ашырат.

2. Жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы ар жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө отчётту жана мурунку жыл үчүн каржылык отчётту берип турууга милдеттүү. Эгерде МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчёт долбоордун компаниясы тарабынан берилсе, ал жеке өнөк тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш. Ар жылдык каржылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.

3. Мониторингдин жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-20)
