# 17-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111367)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607#diff=959161..959162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 17-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-17

---

1. МЖӨ долбоорун даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоону жана аны ишке ашырууда каржылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоону;

2) тендерди өткөрүү эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди даярдоону, анын ичинде болжолдонуучу натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин баяндоону. МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында тендердик документтердин пакети тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:

- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды кошуп алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүчү зарыл болгон атайын талаптарды;

- мамлекеттик каржылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;

- тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;

- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;

- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;

- мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;

- мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча бекитилүүчү башка маалыматтарды;

3) мамлекеттик өнөк тарабынан тендердик комиссияны түзүүнү. Тендердик комиссия МЖӨ ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так жана беш адамдан кем болбоого тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана каржы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү квалификациялык талаптар коюлушу мүмкүн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы болбоого тийиш. Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү, иш тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. МЖӨ долбоорун даярдоо көз карандысыз консультанттарды тартуу укугуна ээ болгон мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. МЖӨ долбоорун стратегиялык объекттерде ишке ашырууда мамлекеттик өнөк Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамдарды да жетекчиликке алат.

4. Ушул беренеде белгиленген бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, мамлекеттик өнөк жеке өнөктү тандоо баскычына өтөт.

(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-18)
