# 14-берене. Мамлекеттик кепилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 14-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-14

---

МЖӨ долбоорундагы жеке өнөккө жана долбоорлоо компаниясына жеке инвестицияларды коргоого кепилдик берүү максатында төмөнкүлөргө кепилдик берилет:

- МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын экономикалык ишине мамлекеттик өнөктүн кийлигишпөөсү;

- жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын мүлкүн улутташтыруудан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка эквиваленттик чаралардан корголуусу;

- МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга жана алардан алынган

кирешелерге жана пайдаларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда эркин ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка кандай гана болбосун чет элдик валютага эркин алмаштыруу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында алынган валютаны эркин алып кетүү укугу;

- мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына келтирилген зыяндын ордун МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык толтуртуу укугу;

- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарда салыштырмалуу жеке өнөк жана же долбоорлоо компаниясы тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттарынын начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын кайра кароо же МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-15)
