# 13-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203607)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 июля 2019 года № 95 "О государственно-частном партнерстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111942)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4539/edition/959161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203607/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 13-берене (22.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-13

---

1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:

1) инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;

2) лицензияларды, уруксаттарды, макулдашууларды алууга көмөктөшүү;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине сервитут берүү;

4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган иштердин башка түрлөрүнөн тариф жыйноо жана кирешелерди алуу укугун берүү;

5) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүнүн жеңилдетилген ставкаларын белгилөө;

6) МЖӨ жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке өзгөчө укук берүү;

7) мамлекеттик өнөктүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген колдоолорунун башка түрлөрүндө.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203607/st-14)
