1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат: мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле бар жана кайра түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк объекттерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү; мамлекеттик кепилдиктер - МЖӨ жүзөгө ашыруучу долбоорлордогу инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана долбоорлоо компанияларына берилүүчү кепилдиктер; мамлекеттик колдоо - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик каржылык колдоо, мамлекеттик экономикалык жана/же башка колдоо жана МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелерин камсыз кылуу; тобокелдикти башкаруу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан ыйгарым укук берилген, долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган; мамлекеттик өнөк - министрликтерди, мамлекеттик комплекстерди, администрациялык ведомстволорду жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды кошуп алганда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар; инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен жүргүзүлүүчү жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр; инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс; тендер - жеке өнөктү тандоо процесси; долбоорго карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту даярдоодо мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана тендердик документтерде чагылдырылуучу, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар; МЖӨ долбоору - бар же кайрадан түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, башкарууга карата мамлекеттик өнөктүн жеке өнөктү тартуусу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси; (он экинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) долбоорлоо компаниясы - МЖӨ долбоорун ишке ашырууга гана багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык же коммерциялык эмес уюм таризинде түзүлгөн юридикалык жак; МЖӨ жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана таризде ар кыл чөйрөлөрдө МЖӨ принциптеринде иштин белгилүү бир түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында тараптардын укуктарын, милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин мамлекеттик өнөк менен жеке өнөктүн ортосундагы МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим; ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган орган; атайын фонддор - МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу жана ага кепилдик берүүчү, каржы каражаттарын топтоочу, Өкмөт же мамлекеттик өнөктөр тарабынан түзүлүүчү фонддор; МЖӨ стадиялары - МЖӨ долбоорун даярдоо, жеке өнөктү тандоо жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу; техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - техникалык, каржылык, экономикалык, юридикалык жана экологиялык баа берүүнү, МЖӨ долбоорунун негизги тобокелдиктерине жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүү; (он тогузунчу абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) тендердик документтер - жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан критерийлери; жеке өнөк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак, чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак; каржы мекемеси - МЖӨ долбоорлорун каржылоого жана/же кепилдиктерди берүүгө катышуучу, Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдары боюнча катталган банк жана башка каржы-кредиттик мекемелер. (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
мамлекеттик өнөк - алынып салынды: Өкмөт, министрликтерди, мамлекеттик комплекстерди, администрациялык … органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу алынып салынды: органдары кошулду: органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - … же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
тендер - алынып салынды: тандап алуунун алдын ала тандап алуу баскычынан жана тендердин жеңүүчүсүн тандоонун баскычынан турган эки этаптуу кошулду: жеке өнөктү тандоо процесси;
долбоорго карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту даярдоодо мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип алынып салынды: чыгуучу, кошулду: чыгуучу жана тендердик документтерде чагылдырылуучу, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, … макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;
алынып салынды: Өкмөт тарабынан бекитилүүчү долбоор - инфратүзүмдүк объекттин социалдык маанилүүлүгүнө жана/же Өкмөт тарабынан белгиленүүчү талап кылынган инвестициялардын көлөмүнө байланыштуу Өкмөттүн жактыруусун алууну талап кылган МЖӨ долбоору;
кошулду: (он экинчи абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
долбоорлоо компаниясы - МЖӨ долбоорун ишке ашырууга гана багытталган, … тобокелдиктерине жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүү;
алынып салынды: жеңүүчүнү аныктоо баскычы - алдын ала тандап алуудан өткөн жеке өнөктөрдүн ичинен МЖӨ принциптерине кошулду: (он тогузунчу абзац КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамына ылайык алынып салынды: өткөрүлүүчү жеңүүчүнү тандап алуу процесси:
тендерлик кошулду: күчүн жоготту)
тендердик документтер - кошулду: жеке өнөктү тандап алуунун мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыккан алынып салынды: жеке өнөктү тандап алуу критерийлери, мамлекеттик жана жеке өнөктөр ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү тизмеги жана тартиби, МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоору, тендер өткөрүү үчүн зарыл болгон башка документтер жана маалыматтар;
кошулду: критерийлери;
жеке өнөк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак, чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык алынып салынды: жак же мындай юридикалык жактардын бирикмеси;
кошулду: жак;
каржы мекемеси - МЖӨ долбоорлорун каржылоого жана/же кепилдиктерди … боюнча катталган банк жана башка каржы-кредиттик мекемелер.
кошулду: (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 459 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 07.07.2015 · № 459 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.06.2016 · № 88 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>