1-берене
Күчүндө · 28.01.2012 редакциясы
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия бизнес-ассоциациялардын, окуу жайлардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салыктар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле фискалдык саясат функциясы бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салык консультанттарынын кесипкөй уюму тарабынан түзүлөт. Салык консультанттарынын кесипкөй уюму - салык консультанттарынын коомдук бирикмеси жана (же) алардын ассоциациясы (союзу). Салык консультанттарынын региондук кесипкөй уюмдары болбогон учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аймактык субъекттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен квалификациялык сертификатты берүү үчүн аттестациялык (квалификациялык) комиссияны түзүү укугу тиешелүү адистерди даярдоого адистешкен региондук жогорку окуу жайларына берилет."; 6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Экзаменде тематикалык суроолордун тизмеги аттестациялык (квалификациялык) комиссия тарабынан аныкталат жана салык салуунун, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун, ишкананын экономикасынын жана финансысынын, укук негиздеринин маселелерин милдеттүү түрдө камтыйт.
7. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо, ошондой эле аттестацияны өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2. 6-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органдарына" деген сөздөр "салык консультанттарынын кесипкөй уюмуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 8-статьянын 1-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу салык органдары" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 16-статьянын 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органдарынын" деген сөздөр "салык консультанттарынын кесипкөй уюмунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 28.01.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык консультанттары жөнүндөЗакон · 08.05.1999 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203605/st-1" title="1-берене - Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>