# КР 2012-жылдын 25-январындагы № 4 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 25-январындагы № 4 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4536/edition/1102932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 25-январындагы № 4 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Конституциялык Мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203604

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 25-январы № 4 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203604/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкү ченемдеринин колдонулушу токтотулсун: 7-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы; 18-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы; 24-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү; 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы - ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203604/st-2)

Жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы судьялар дайындалганга чейин алар ээлеп турган кызматтарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дайындалган жергиликтүү соттун жаңы судьясы, төрагасы жана төраганын орун басары ээлегенге чейин алардын ыйгарым укуктары узартылган болуп эсептелсин. Жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын узартуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгө ашырылат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203604/st-3)

Ушул конституциялык Мыйзамдын колдонулушу 2011-жылдын 7-апрелинде пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат. Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
