Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин, Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-ноябры № 163 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин, Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэри Турдубеков Ж.С. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 465 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы Вулянчин Г.Дж. өзүнүн берген арызына ылайык, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2013-жылдын 3-сентябрындагы № 62-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин, Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 21-ноябрына дайындалсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
Г. Джурабаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 167 "2013-жылдын 21-ноябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу…Постановление · 26.11.2013 · № 167
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 11 "2013-жылдын 21-ноябрында өткөн Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш…Постановление · 20.01.2014 · № 11
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 465 "Ж.С. Турдубеков жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 27.09.2013 · № 465
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон