# Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 29-майындагы № 30 "Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө; 2013-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 29-майындагы № 30 "Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө; 2013-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15489/edition/478144/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 29-майындагы № 30 "Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө; 2013-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө" токтому (29.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203596

---

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үгүт айылдык Кеңешинин кезектеги ХХX сессиясы

2012-жылдын 29-майы № 30 (Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө; 2013-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө) Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө; 2013-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.

3. Үгүт айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдмк-укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна ылайык ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Үгүт айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин.

5. Үгүт айылдык мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүлсүн.

6. Үгүт айылдык аймагынын айыл өкмөтү жөнүндөгү Жобосу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин.

7. Үгүт айылдык аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозобековага милдеттендирилсин.

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле маамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

1. 2013-жылга карата түзүлгөн Үгүт айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоору кабыл алынсын.

2. Бюджеттин ишке ашырылышын коргоо жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.

Үгүт айылдык кеңешинин төрагасы

М. Карыпбаев
