# Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому

- Толук аталышы: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15488/edition/478142/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому (23.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203595

---

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үгүт айылдык Кеңешинин кезектеги ХХIX сессиясы

2012-жылдын 23-апрели № 29 (Ар кандай маселелер) Үгүт айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ар кандай маселелер:

1. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын тургундары: Чодолдоев Жусупка, Байбагышова Тамарага, Карыпбаев Муканбетке жана Наматбекова Гүлүканга «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Айыл чарба багытындагы жердин зоналдык коэффициенти КЗ 1,0 болуп бекитилсин.

3. Молдобаева Шайгүлдүн арызы боюнча «Мадыба» участкасы «Рыскулбек» участкасы болуп өзгөртүлсүн. Үгүтайыл өкмөтүнүн чарба китебине өзгөртүү киргизилсин.

4. Үгүт айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы, бухгалтерине түзүлгөн сметасына ылайык эмгек акы төлөө жагы бардык төлөмдөрдөн тышкары бекитилсин (бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бухгалтер коомдук башталыштагы кызматкер болуп эсептелсин).

5. Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн бардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү жана жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алсын. Жайыт акыны чогултуп берүү жагы бадачыларга милдеттендирилсин.

6. Жайыттардын чек араларын тактоо боюнча Атлас ЖЧКсы жүргүзгөн инвентаризация иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

7. Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте белгиленсин.

Үгүт айылдык кеңешинин төрагасы

М. Карыпбаев
