Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра жол-жоболоштуруу
Уюштуруу-укуктук таризинин же анын жайгашкан жеринин өзгөрүүсүнө алып келбеген жактын аталышы өзгөргөн учурда, бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Чечимди кайра жол-жоболоштурууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңыдан кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт. Кайра жол-жоболоштуруу мезгилинде, чечимди алганга чейин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жак ишин мурда кабыл алынган чечимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат. Чечимди кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз арыз берүүчү тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде берилет. Чечимди кайра жол-жоболоштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан тиешелүү арыз жана документтер берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактан ушул статьяда каралган негиздерден тышкары кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203523/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>