# 16-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4532/edition/809654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203523/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 16-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-16

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү (киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү тарабынан ушул Кодекстин 15-статьясында каралган шарттар сакталбаса.

Арыз берүүчү тарабынан ушул пункттун 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер жоюлган учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Ыйгарым укуктуу органдын бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусуна ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-17)
