# 15-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4532/edition/809654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203523/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 15-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-15

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-статьялары);

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык тутумдарын колдонуу;

2) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-статьясы);

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;

- бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;

3) бажы брокери катары:

- штатында бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүк алган бирден кем эмес адистин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-статьялары);

- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;

- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу.

2. Бажы айланасында чөйрөдө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечим тиешелүү арыз берген жакка карата гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп саналат.

3. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-16)
