# 11-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жүзөгө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4532/edition/809654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203523/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 11-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-11

---

ашырылуучу иштер

1. Атамекендик юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокерлери катары иш жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине жана бажы брокерлеринин реестрине киргизилген шартта жол берилет.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Кодексте аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин үзгүлтүксүз, үч айда бир жолудан кем эмес расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-1)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-12)
