# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4532/edition/809654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203523/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., №5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пунктунда "бажы чегарасы" деген сөздөр "бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

13-пунктчанын экинчи абзацы "бажы контролу астында турган товарларды" деген сөздөрдөн кийин "(бажы режимдерине ылайык бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролу астында кайра иштетүү, убактылуу ташып келүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарына (эркин экономикалык зоналарынан) өтүп жаткан товарларды" деген сөздөр менен толукталсын; 31-пунктчада "борбордук аппаратынын тиешелүү бөлүмчөлөрү" деген сөздөр "борбордук аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын; 34-пунктчанын мамлекеттик тилдеги редакциясында "кызмат көрсөтүүгө же иш аткарууга бажы органдарынан" деген сөздөр алып салынсын жана "лицензия алган жак" деген сөздөр "кызмат көрсөтүүлөрдү жана иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жак" деген сөздөргө алмаштырылсын; 36-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-Глава Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жөнгө салуу

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203523/st-11)
