# 1-берене

- Документ: ["Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203522)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 29-декабрындагы № 256 ""Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203522/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4531/edition/659424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203522/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (29.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203522/st-1

---

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж.,№2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья.

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: Өзгөчө абал - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара. Аймактын коменданты - өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы. Аймактык комендатурасы - өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган. Өзгөчө абал киргизилген аймактын чек аралары - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймагы. Атайын өткөрмө - өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларында жүрүүгө, келүүгө (кетүүгө), кирүүгө (чыгууга) укук берген аймактын коменданты тарабынан берилүүчү бир жолку же убактылуу документ.".

2. 2-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 4-6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.

---

Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203522/st-5)
