1-берене
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж.,№2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: Өзгөчө абал - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара. Аймактын коменданты - өзгөчө абал киргизилген жердеги аймактык комендатуранын ишин жетектөөчү жана өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну жүзөгө ашыруучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызмат адамы. Аймактык комендатурасы - өзгөчө абал киргизилген жердеги өзгөчө абал режимин камсыз кылуучу, тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү убактылуу атайын орган. Өзгөчө абал киргизилген аймактын чек аралары - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече администрациялык-аймактык бирдиктеринин аймагы. Атайын өткөрмө - өзгөчө абал киргизилген аймактын чек араларында жүрүүгө, келүүгө (кетүүгө), кирүүгө (чыгууга) укук берген аймактын коменданты тарабынан берилүүчү бир жолку же убактылуу документ.".
2. 2-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 4-6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн учурларда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине токтоосуз билдирет.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203522/st-1" title="1-берене - "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>