# 44-3-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203521)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203521/st-44-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4530/edition/1276776/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 44-3-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203521/st-44-3

---

Камкорчулук кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзөгө ашырат. Камкорчулук кеңешинин ыйгарым укуктары ар жылдык коомдук угууда аны шайлаган учурдан тартып башталат жана мамлекеттик билим берүү уюмунун уставы менен аныкталган тартипте аяктайт. Мамлекеттик билим берүү уюму камкорчулук кеңешинин ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзөт (жай, зарыл документтер). Мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан бюджеттен тышкары акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетто чагылдырылган маалыматтардын тууралыгын текшерүүнүн жыйынтыктары жана иш жүзүндөгү чарбалык ишинин натыйжалары боюнча камкорчулук кеңеши сунуштамаларды берет, ал билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эске алынат.".

8. VII глава төмөнкүдөй мазмундагы 52-1-статья менен толукталсын:

"52-1-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук кылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".

---

Мурунку берене: [44-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203521/st-44-2)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203521/st-2)
