44-3-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин ишин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Камкорчулук кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзөгө ашырат. Камкорчулук кеңешинин ыйгарым укуктары ар жылдык коомдук угууда аны шайлаган учурдан тартып башталат жана мамлекеттик билим берүү уюмунун уставы менен аныкталган тартипте аяктайт. Мамлекеттик билим берүү уюму камкорчулук кеңешинин ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзөт (жай, зарыл документтер). Мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан бюджеттен тышкары акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетто чагылдырылган маалыматтардын тууралыгын текшерүүнүн жыйынтыктары жана иш жүзүндөгү чарбалык ишинин натыйжалары боюнча камкорчулук кеңеши сунуштамаларды берет, ал билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эске алынат.".
8. VII глава төмөнкүдөй мазмундагы 52-1-статья менен толукталсын:
"52-1-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук кылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203521/st-44-3" title="44-3-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>