1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "билим берүү ишин мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: "кабыл алуу квотасы - мамлекеттик билим берүү тапшырыгынын, анын ичинде I, II топтордогу майыптардын ичиндеги жарандарды, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген адамдарды, бала күнүнөн майыптарды, майып балдарды, айылдык жаштарды жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды техникалык жана кесиптик орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүп берилүүчү билим берүү гранттарынын көлөмүнүн чектелүү саны;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (мындан ары - камкорчулук кеңеши) - мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун тең башкаруусунун шайлануучу органы;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын: "билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - компетенциясына билим берүү жагындагы маселелер кирген Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомстволору жана алардын аймактык түзүмдөрү;".
3. 3-статьянын 1-бөлүгү "социалдык жана мүлк абалына," деген сөздөрдөн кийин "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү квоталардын чектеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга акысыз баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү.".
5. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын уставы, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттарды чыгымдоо маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш. Билим берүү уюмунун уставы билим берүү жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга тийиш.".
6. 39-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши өз ишин мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуусу үчүн жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган акча каражаттарынын, анын ичинде бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышын контролдоону жүзөгө ашырат.".
7. VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 44-1 - 44-3-статьялар менен толукталсын:
"44-1-статья. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу
Мамлекеттик билим берүү уюмдары отчеттон кийинки жылдын 1-августуна чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү. Билим берүү уюмдарынын билим берүү процессинин катышуучулары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бардык кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203521/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>