# КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4528/edition/455253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына (24.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 24-декабры № 253

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203519/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьясынын 2-пунктунда:

"а" пунктчасында:

- биринчи абзац "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөрдөн кийин ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "а-1" пунктчасы менен толукталсын:

"а-1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө; ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;"; "б" пунктчасында:

- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

"в" пунктчасында:

- биринчи абзацта "- 10 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "ушул пункттун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 3-статьяда:

"б" пунктунда:

- "каржылоо булактарына" деген сөздөрдөн мурда "пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн пенсиялык фондго - 9,5 пайыз өлчөмүндө;"; "в" пунктунда:

- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасында:

- биринчи абзацта "4 пайыз" деген сөздөр "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 6-статьяда:

2-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби жана наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет."; 3-пунктта:

- "б" пунктчасында:

- биринчи абзац "кызматкерлер үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзацта "2 пайыз." деген сөздөр "2 пайыз;" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "б-1" пунктчасы менен толукталсын:

"б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө; ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө."".

5. 7-1-статьяда:

- 1-бөлүк "жеке жактары" деген сөздөрдөн мурда ", пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын:

- статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

"Пенсионер-кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт."

6. 8-статьянын 2-пунктунда:

- биринчи абзац "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөрдөн мурда ", пенсионер-кызматкерлерди жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуларды-пенсионерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Пенсионер-кызматкерлер үчүн алардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө; ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө.".

7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү

Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:

1. Иш берүүчүдөн:

а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнун кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

б) 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2,75 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз.

2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 8 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.

3. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

б) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.

4. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.

5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрүнөн:

- чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 91,7 пайыз.

6. Жеке ишкерлерден:

а) 6-статьянын 1-пунктуна, 7-статьянын 1 жана 4-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

б) 6-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 100 пайызы.".

8. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:

"11-1-статья. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

а) ушул Мыйзамдын 8-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлер, ошондой эле жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар - 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар:

б) пенсионер-кызматкерлер.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203519/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203519/st-3)

Ушул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
