# 11-статья. Кадрлар резерви

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203517)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 251 ""Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203517/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4526/edition/455249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203517/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 11-статья (22.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203517/st-11

---

Кадрлар резерви бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин арасында тиешелүү сынактарды өткөрүү аркылуу түзүлөт:

- сынактык тандоого катышкан жана кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак комиссиясы тарабынан сунушталган жарандар;

- бажы органында кызматта жүргөн, аттестациянын натыйжалары боюнча жогорулатууга сунушталган жана аларды резервге киргизүү тууралуу арыз берген кызматкерлер.

Кадрлар резервине киргизүүнүн жана андан чыгаруунун шарты жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

7. 17-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Бажы органдарынын кызматкерлеринин ээлеген кызмат орду боюнча милдеттери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускама менен аныкталат.".

8. 18-статьяда:

1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат."; 4 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; 7-пунктта:

- үчүнчү абзацында ", жеке өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, саламаттыгына байланыштуу, иштеген кызматынан бошонуу менен окууга тапшыргандыгына байланыштуу, ошондой эле окуусун бүткөндөн кийин кызматка дайындалганда" деген сөздөр алып салынсын;

- төртүнчү абзацтын расмий тилдеги редакциясында "- по результатам" деген сөздөр ", по результатам" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 29-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Аттестацияланган, кызматтык тартипти бузган кызматкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө полиграфта тестирлөө системасы колдонулат.".

10. 47-төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"47-статья. Бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин аттестациялоо мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".

11. 48-статьяда:

статьянын бүткүл тексти боюнча "тийиштүү бажы органынын башчысынын" жана "бажы органынын башчысынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктта:

- 4-пунктчасында "контрактка каралган" деген сөздөр "контрактта каралган шарттар, ошондой эле" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) аттестациянын же квалификациялык экзамендин натыйжалары менен ырасталган жетишсиз квалификациянын натыйжасында ээлеген кызматына ылайык келбөө;".

12. 49-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203517/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203517/st-2)
