1-берене
Күчүндө · 22.12.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж.,№12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласындагы "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр алып салынсын;
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "төрага" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Бажы органдарына кызматка кабыл алууда полиграфта тестирлөө системасы пайдаланылат.".
3. 7-статьянын 2-пунктунда:
8-пунктчасы "өзүнүн кызматтык" деген сөздөрдөн мурда "саясий партиянын мүчөсү болууга," деген сөздөр менен толукталсын; 9-пунктчасы "иш таштоолорду" деген сөздөрдөн кийин ", манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 8-статьяда "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик кызмат иши боюнча ыйгарым укуктуу органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Бажы органдарындагы кызмат жөнүндө контракт
Бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жана анын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Контракт үч жылдык мөөнөткө түзүлөт."
6. 10 жана 11-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Бажы органдарына кызматка кирүү
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервинде турган Кыргыз Республикасынын жараны ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык бажы органдарына кызматка кирет.
Берененин тексти 22.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 21.07.1998 · № 93
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203517/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>