# 13-статья

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203516)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4525/edition/642322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу, 13-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-13

---

төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- чек ара контролун (Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген документтерди текшерүүнү, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин бузуучуларды табуу максатында транспорт каражаттарын карап көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууну);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таризде жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролун.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-2)
