# КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 250
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4525/edition/642322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203516

---

КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 22-декабры № 250 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-13)

төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- чек ара контролун (Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген документтерди текшерүүнү, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин бузуучуларды табуу максатында транспорт каражаттарын карап көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууну);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таризде жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролун.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203516/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
