# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203515)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203515/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4524/edition/651865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203515/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203515/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 11-статьяда:

экинчи абзацтагы "транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын; он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын биринчи бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында, бажы органдары менен бирдикте мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын карап көрүүнү жүзөгө ашырууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынан алып чыгууга же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды, ошондой эле контрабандалык буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын бажы жана башка органдарына өткөрүп берүүгө;".

2. 12-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- чек ара контролун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203515/st-2)
