# КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4523/edition/1119687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203514

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 22-декабры № 248

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203514/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 334-беренеде:

4-бөлүгүндө "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүчү мамлекеттик фондунун" деген сөздөр "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүнүн фондундагы" деген сөздөр "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 336-берененин 4-бөлүгүндө "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун" деген сөздөр "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203514/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
