# 9-берене. Жарнак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 9-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-9

---

1. Балдарга даректелген же балдардын образдары колдонулган жарнак жарыяларында алардын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү нерселерден оолак болуу керек.

2. Жарнак жарыяларын берүүдө төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:

Корпорация жарнактардын көлөмүн өзүнүн күндөлүк берүүсүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмүндө чектөөгө; жарнактарды берүүнүн жалпы көлөмү берилген бир сааттык мезгилдин ичинде саатына 6 мүнөттөн ашпоого; жарнак материалдары керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка кириптер кылбоого, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирбөөгө; аң-сезимге таасирин тийгизген жарнак жарыяларына уруксат берилбейт; жарнак жарыяларында жаңылыктар программаларын жана учурдагы окуяларды дайыма алып баруучулардын образын, элесин же үнүн пайдаланууга болбойт; алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнак жарыялар менчиктин түрлөрүнө карабастан саат 7ден 22ге чейин радио жана телекөрсөтүүгө чыгууга тийиш эмес; оюн-зоок (кумар оюн) бизнеси жөнүндө жарнак жарыяларына уруксат берилбейт; порнографиялык мүнөздөгү, ошондой эле курал жөнүндөгү жарнак жарыяларына уруксат берилбейт; мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүүгө жана сатууга уруксат берилбеген дары-дармек, медициналык каражаттардын, медициналык багыттагы продукциялардын жана техникалардын жарнагына тыюу салынат; аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын уруксатысыз дарылоо, алдын алуу, диагностика жана реабилитация усулдарынын жарнагына жол берилбейт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларды кошпогондо, Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин жарнактарын же алардын атынан берилген жарнак материалдарын обого бербейт. Социалдык жарнак чыгарууга жана обого берүүгө уруксат берилет. Корпорациянын Байкоочу кеңеши жарнакты жайылтууга кошумча чектөө, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жарнак убактысына караганда көп чектөө белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-10)
