# 7-берене. Корпорациянын укугу жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203513)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33 "О Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4522/edition/455240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203513/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 7-берене (23.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-7

---

1. Анын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн:

1) Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:

республиканын бардык аймагына анык, объективдүү маалыматтарды жайылтууну жүзөгө ашырууга; коомчулук талап кылган бардык багыттарды эске алуу менен ар түрдүү программаларды камсыз кылууга; мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш чараларды жүргүзүүгө; телерадиоберүү жагында чет өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө; аудиовизуалдык техникалар жана технологиялар жагында дүйнөлүк аналогдорду колдонуу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга; телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына консультациялык жардамдарды көрсөтүүгө; Корпорация тарабынан чыгарылган телерадиопродукцияларынын архивин түзүүгө, телевизиондук фильмөндүрүшүн жүзөгө ашырууга; телерадиоберүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик тилде жүзөгө ашырууга; балдар, өспүрүмдөр, билим берүү жана оюн-зоок программаларына 30 пайыз эфирдик убакыт бөлүүнү камсыз кылууга; берүү көлөмүнүн 70 пайыздан кем эмесин ата мекендик телерадиоберүүлөр менен камсыз кылууга, чет элдик өндүрүштөгү телерадиоберүүлөрдүн үлүшү 30 пайыздан ашпоого тийиш; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий билдирүүлөрүн жайылтууга жана алардын ишин чагылдырууга;

2) Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:

телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан жана башка юридикалык жана жеке жактардан керектүү маалыматтарды алууга; маалыматтын объективдүүлүк жана айкындык принциптерине ылайык өз ишин өз алдынча жүргүзүүгө; уюмдарды, ишканаларды, бирикмелерди, чыгармачыл багыттарды, топторду жана кабарчылар пункттарын (анын ичинде чет өлкөдө) аларга чыгармачылык өз алдынчалык берүү жана чыгарган продукция үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен түзүүгө (жоюуга); өзүнүн аудио- жана видеопродукцияларын, архивдик телерадиопродукцияларын сатып өткөрүүгө, ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн телерадиопрограммалары жана фильмдери менен өз ара алмашууларды жүргүзүүгө; ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке адамдардын видеопродукцияларын укук ээлеринин макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, окутуу жана башка түрлүү иштерди жүзөгө ашырууга; белгиленген тартипте нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга; телекөрсөтүү жана радио көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө; Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди, чет өлкөлүктөрдү кошуп алганда, келишимдик негизде тартууга; белгиленген тартипте ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, кайра түзүүгө же жоюуга, алар жөнүндө жоболорду (уставдарды) бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга; белгиленген тартипте өз алдынча каржылоо шарттарында чарбалык түзүмдөрдү түзүүгө жана алар аркылуу колдонуудагы мыйзамдардын алкагында акы төлөнгөн консультацияларды, маалыматтык-тактама жана башка кызматтарды келишимдик негизде жүзөгө ашырууга; колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акы төлөнгөн кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө; ата мекендик жана эл аралык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары менен кызматташууга; Корпорациянын максаттарына жетүүсүнө багытталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырууга.

2. Корпорация ар жыл сайын улуттук радионун жана телекөрсөтүүнүн оболук программаларынын ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле коомдун кызыкчылыгын канааттандырууга жетүү максаттарда сырт тараптагы теле- жана/же радиоберүү уюмдары чыгарган продукциялар (маданий-агартуу багытындагы коммерциялык эмес программалар) үчүн жалпы оболук убактын 30 пайызын тендерге коюуга укуктуу. Тендердин жеңүүчүсү тиешелүү программаларды чыгаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат, ал эми Корпорация оболук убакыттын 30%ын берет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203513/st-8)
